ЮНИСЕФ: Күн сайын 175 миңден ашуун бала биринчи жолу Интернетке кирет
![ЮНИСЕФ: Күн сайын 175 миңден ашуун бала биринчи жолу Интернетке кирет](https://gdb.rferl.org/1DCACF8B-035C-4C02-906B-29A8242A58B1_w800_h450.jpg)
Кыргызстанда балдар жана өспүрүмдөр Интернеттен алуучу маалымат коопсуз жана сапаттуу болуусуна тоскоолдук жаратуучу коркунучтар бар. Бул тууралуу БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) кабарлоодо.
Уюм жүргүзгөн изилдөөнүн жыйынтыгы күн сайын 175 миңден ашуун бала биринчи жолу Интернет мейкиндигине кошуларын көрсөткөн.
M-report уюму жүргүзгөн изилдөөгө ылайык, Кыргызстанда өспүрүмдөрдүн 60% Интернетте өздөрүн коопсуз сезишет, бирок коркунучтар бар.
“ЮНИСЕФ онлайн режиминде отурган балдардын коопсуздугу бардык тараптар үчүн артыкчылыктуу маселе боло турган мамлекеттик санарип саясатын иштеп чыгуу үчүн өкмөт, жарандык коом жана жеке сектор менен дагы да тыгыз кызматташуу зарыл болгонун белгилейт”, - деп айтты ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы башчысы Юкиэ Мокуо.
БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча эң аярлуу балдарга жардам берүү үчүн 190дон ашуун өлкөдө өз ишин жүзөгө ашырып келет. ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү 1994-жылы ачылган.