Ким Чен Ын: Армия жогорку аскердик даярдыкта турушу керек
Түндүк Корея бүгүн ордо калаасы Пхеньянда аскердик парад өткөрдү. Анда танктарын, "Хвасон-14" жана "Хвасон-15" аттуу континент аралык баллистикалык ракеталарын, аскердик учактарын шардана кылды. Иш-чараны жергиликтүү мамлекеттик телеканал көрсөттү.
Анда Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын аскердик окуп-машыгууну күчөтө бериш керек экенин билдирди.
- Чыныгы урушка окшогон практикалык көнүгүүлөрүбүздү токтотпошубуз керек. АКШ жана аны ээрчигендер Корей жарым аралын айланчыктап жүргөн азыркы жагдайда биздин армия жогорку аскердик даярдыкта болуп, кармашууга даярдыкты тездетиши зарыл.
Бул парад кырк жылдан бери апрель айында өткөрүлүп келген. Бул жолу коңшусу Түштүк Кореядагы кышкы Олимпиада башталарына бир күн калганда аскердик күчүн көрсөтүүдө. Ага катар эле Олимпиадага спортчуларын, алардын күйөрмандарын, артисттер тобун да жиберген. Январдан бери эки Кореянын бийлик өкүлдөрү өз ара сүйлөшүүлөрдү да өткөрүп жатышат. Түштүк Корея андан майнап чыгарып, акыр аягы коңшусун өзөктүк куралдан баш тартууга көндүрүүнү көздөйт.
Ушул тапта Жапонияда жүргөн АКШнын вице-президенти 7-февралда Түндүк Корея өзөктүк жана баллистикалык программаларынан биротоло баш тартмайынча болушунча ага басым көрсөтүлө берерин айткан. Ал ошондой эле Кошмо Штаттар жакында бул өлкөгө "эң катаал жана эң агрессивдүү экономикалык санкцияларын жарыялаарын" маалымдаган.
Түндүк Корея 2017-жылы жалпысынан 23 баллистикалык ракетасын 16 жолу атып сынаган. Бул өлкөнүн бийлиги өзөктүк программасын эгемендигинин кепилдиги катары көрөрүн билдирип келет.