Лейлекте жол байланышы токтоп турат
![Лейлекте жол байланышы токтоп турат](https://gdb.rferl.org/00685732-cfba-43fa-a787-b3e0f225ec2e_tv_w800_h450.jpg)
Баткенде Лейлек районунун айрым тургундары райборбор менен байланыш токтоп калганын айтып жатышат. “Азаттык” радиосуна жергиликтүү тургундар кабарлаганына караганда, тажик тарап чек арадагы жолду жапкандан кийин Кулунду жана Жаңы-Жер айыл аймагы райборбор менен байланыша албай калды. Ага чейин Кулундуга караштуу Саада айылынын жергиликтүү жетекчилиги окуучулардын ыңгайы үчүн суу каналдын үстүнө контейнерден көпүрө жасап берген. Чек ара кызматы Лейлекте кыргыз-тажик чек арасындагы абал салыштырмалуу туруктуу экенин кабарлоодо. Тасма Интернеттен алынды.