Жүз төрткө чыккан Таберик апанын батасы
![Жүз төрткө чыккан Таберик апанын батасы](https://gdb.rferl.org/eb29f712-19c0-4e56-85db-b8b6d0907ddf_tv_w800_h450.jpg)
Таберик Мураталиева 104 жашта. Бир кылымды көргөн эненин отуздан ашык небереси, 23 чөбөрөсү жана онго жакын кыбырасы бар. Таберик апа Токтогул районунун Кетмен-Төбө айылынын тургуну. Ушул тапта Кара-Балта шаарында турган небереси багып жатат. "Азаттыктын" кабарчысы Таберик апанын ал-жайын сурап, батасын алып келди.