Кышкы Олимпиада: алгачкы медалга швециялык спортчу татыктуу болду
![Кышкы Олимпиада: алгачкы медалга швециялык спортчу татыктуу болду](https://gdb.rferl.org/5EAA9E7C-3727-426D-B9ED-90848688286E_cx0_cy7_cw0_w800_h450.jpg)
Пхёнчхаңдагы Олимп оюндарында алгачкы медалдар топтому аялдар арасындагы скиатлону боюнча ойнотулду.
Мелдештин алгачкы алтын медалына швециялык Шарлотта Калла ээ болду. Ал 7,5+7,5 чакырымды 40:44,9 мүнөттө басып өттү. Күмүш медалга норвегиялык, ал эми колого финляндиялык спортчулар татыктуу болушту.
Олимпиаданын экинчи күнүндө шорт-трекет, биатлон, коньки менен жарышуу боюнча мелдештер өтөт.