Терроризмге шектелген Акиловдун соту башталды
![Терроризмге шектелген Акиловдун соту башталды](https://gdb.rferl.org/95EC4BA1-AD28-483D-A7C8-A4AE1C2B8EC8_cx0_cy16_cw0_w800_h450.jpg)
Швециядан башпаанек сураган 39 жаштагы өзбекстандык жаран былтыр апрель айында Стокгольмдо террордук чабуул койгон деп айыпталууда. Анын соту шейшембиде башталды. Швециянын тарыхындагы эң кандуу кол салууда беш киши каза таап, 15тей адам жарадар болгон.