Караколдо жол оңдоого жумшалуучу акча боюнча кылмыш иши козголду
![Караколдо жол оңдоого жумшалуучу акча боюнча кылмыш иши козголду](https://gdb.rferl.org/F0B925D7-1ACB-412A-AA19-5C7C0B3FADC8_cx0_cy1_cw0_w800_h450.jpg)
Каракол шаарындагы №35 жол иштетүү башкармалыгынын (ЖИБ-35) жооптуу кызматкерлери жолду оңдоодон мыйзамсыз акча алганы аныкталып, кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат билдирди.
Билдирүүдө айтылгандай, 2016-жылы №35 ЖИБ менен “Ак-Жалга” фирмасынын ортосунда фирманын гаражын астфальттоо боюнча оозеки келишим түзүлгөн. 855 чарчы метр аянт үчүн жеке компания мамлекеттик ишканага 270 миң сом бермек болгон.
Натыйжада “Ак-Жалга” фирмасынын гаражы №35 ЖИБдин эсебинен асфальтталып, бирок анын акысы үчүн алынган акча жолду караган мамлекеттик ишкананын бюджетине түшкөн эмес. Акчаны №35 ЖИБдин башкы инженери жана жол мастери өзүнө ыйгарып алышкан. Алар ага кеткен асфальт "Жети-Өгүз-Оргочор-Койсары жолун оңдоого жумшалган" деген негиз менен документ толтуруп салышкан.
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат факты боюнча мекеменин эки кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 304 ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу"), 171 ("Ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу") беренелеринин негизинде кылмыш ишин козгогон. Тергөө уланууда.