Бишкек-Ош жолуна кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды
![Бишкек-Ош жолуна кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды](https://gdb.rferl.org/40883B0D-A70B-4C16-8694-9E7F87445F3C_cx0_cy24_cw46_w800_h450.jpg)
15-февралда саат 19:20 чамасында Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүп, Бишкек-Ош жолун бөгөп калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Абдышарип Бекилов "Азаттыкка" билдирди:
- Биз маалыматты азыр эле алдык. Баштапкы маалыматтар боюнча көчкүдөн жабыркагандар жок. Учурда көчкүнүн көлөмүн жана ал түшкөн жерди тактоо иштери жүрүп жатат.
14-февралдан бери кар тынбай жаап жаткандыктан бир нече саат мурун Бишкек-Ош жолунда жүк ташуучу автоунаалардын жүрүшүнө чектөө киргизилген. ӨКМдин маалыматына ылайык, чектөө саат 17:00дөн 08:00гө чейин киргизилген.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкө жарандарын өтө зарылчылык болбосо аба ырайы турукташканча жолго чыкпай турууга, кан жолдо унаалардын ортосундагы аралыкты 500 метрден кемитпөөгө чакырууда.(ZKo)