Санкт-Петербургда кыргызстандык мигрант каза болду
28 жаштагы кыргызстандык мигрант 14-февраль күнү Орусиянын Санкт-Петербург шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн чатырынан кар күрөп жатып учуп кеткен.
Маркум Кадамжай районунун Таш-Коргон айылынын тургуну болгон. Ал Санкт-Петербург шаарындагы Борбордук райондо көчө шыпыргыч болуп иштечү. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен маалымдашты.
"Алдын ала маалыматтар боюнча мигрант чатырга чыгып алып кар күрөп жатканда коопсуздук чаралары сакталган эмес. Учурда мекендешибиздин сөөгү Санкт-Петербург шаарынын борбордук моргунда" деп айтылат анда.
Элчиликтин кабарлашынча, маркумдун айылдаштары менен сөөктү мекенине жеткирүү маселеси сүйлөшүлдү. Кыргызстандын Санкт-Петербург шаарындагы консулдугу сөөктү жеткирүүгө көмөктөшмөкчү.
Расмий маалыматтар боюнча, жыл башынан бери Орусияда түрдүү кырсыктардан набыт болгон кыргызстандыктардын саны онго чукулдады. Былтыр Орусияда ар кандай себептерден улам 200дөн ашык мигрант каза тапкан. Каза болгондордун сөөгүн мекенине жеткирүү үчүн орто эсеп менен 35-50 миң рубль, ал эми ритуалдык кызматка 20 миң рубль керектелет.(ZKo)