Мюнхен конференциясы “мамлекет аралык ири жаңжал” жөнүндө эскертүүдөн башталды
Быйыл 54-ирет өтүп жаткан абройлуу конференциянын ачылышында анын төрагасы Вольфганг Ишингер дүйнө “мамлекет аралык ири жаңжалдын” кырында турганын эскертти.
Конференциянын ачылышын утурлай жарыяланган баяндамада Ишингер Вашингтон менен Пхеньяндын ортосундагы тирешүүнүн күчөшү, НАТО- Орусия алакасындагы чыңалуу, өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча маанилүү келишимдердеги болжолдуу чалкештик, улутчулдуктун күчөшү “эл аралык тартиптин негизги принциптерин алысыратып жатканын” белгилеген.
БУУнун баш катчысы Антониу Гутерреш конференциянын ачылышындагы сөзүндө "кансыз согуш" доорунан бери биринчи ирет дүйнө “өзөктүк (курал) тирешүү коркунучуна” кептелип турганын айтты. Ал мында Түндүк Кореянын өзөктүк ишмердигин эске алды.
Орусия менен Батыштын бузулган мамилеси кайрадан конференцияда талкуулана турган темалардын бири болгону турат.
Дүйнө мамлекеттеринен саясий лидерлер, өкмөт башчылар, министрлер, коопсуздукка жооптуу жогорку даражалуу өкүлдөр, эксперттер чогулган конференцияда НАТО менен Евробиримдиктин коргонуу жаатындагы кызматташтыгы, өзөктүк курал коопсуздугу, технологиянын демократияга таасири өңдүү маселелер да каралганы жатат. (UE)