Бишкекте өрттөн качып көп кабаттуу үйдөн секирген өспүрүм каза болду
![Бишкекте өрттөн качып көп кабаттуу үйдөн секирген өспүрүм каза болду](https://gdb.rferl.org/94384558-188D-4509-A645-AE3735B33781_cx5_cy6_cw72_w800_h450.jpg)
Бишкек шаарында өрттөн качмак болуп 5-кабаттан секирген өспүрүм каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Билдирүүдө айтылгандай, 22-февралда баш калаанын Свердлов районундагы Түгөлбай-Ата көчөсүндөгү №1 “А” үйүндө өрт чыккан. Үйдөгү батирлердин биринин ашканасы менен залы күйгөн. Оттон качкан 14 жаштагы А. Э. балконго чыгып, жерге секирип кеткен. Аны "Тез жардам" кызматы шаардык №3 ооруканага жеткирген. Бирок өспүрүм оор жаракаттан улам өзүнө келе албай, каза болгон.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, өрттүн себеби электр жабдууларын туура эмес колдонуу болгон. Мекеме өкүлдөрү ошондой эле өрт тууралуу саат 15:19да кабар келип, өрткө каршы кызмат чыгып кеткен. Өрт 16:24тө басылып, 16:42де толук өчүрүлгөн. (ErN)