Орусияда Борис Немцовду эскерүү жүрүшү өтүп жатат
![Орусияда Борис Немцовду эскерүү жүрүшү өтүп жатат](https://gdb.rferl.org/CE8D49C2-BFEE-4AB4-B36F-53AFCFCF22A5_w800_h450.jpg)
Москванын борборунда шаардык бийлик менен макулдашылган оппозициялык саясатчы, маркум Борис Немцовду эскерүү акциясы өтүп жатат.
Жүрүшкө чогулуп жаткандарды полиция текшерүүдө. Алар “Путин, калп айтканды жана согушканды токтот”, “Мен Крым аннексиясына каршымын” деген плакаттарды көтөрүүгө уруксат берген жок. “Борись” деген плакатты көтөргөн жаш жигитти полиция кармап кеткени айтылууда.
"Белый счетчик" долбоорунун активисттеринин маалыматында акцияга катышкандардын саны 2 миңден ашты.
Владимир Путинди кескин сындаган Борис Немцов 2015-жылы 27-февралда Кремлге жакын жерде окко учкан. 2017-жылы июль айында Москва соту Түндүк Кавказ аймагынан, чечен тектүү беш адамды бул кылмышка айыптап, бир нече жылга соттогон. Бирок Немцовдун тарапташтары ал бийликтин буйругу менен киши колдуу болду деп келишет.