Олимпиада оюндарында Норвегия алдыда
Расмий эмес маалыматтар боюнча Түштүк Кореянын Пхёнчхаң шаарында өтүп жаткан Олимпиадада Норвегиянын курама командасы жалпы командалык эсеп боюнча алдыда.
Норвегиялык спортчулар Олимпиадада 39 медал алышты. (14 алтын, 14 күмүш жана 11 коло)
Норвегиялыктар 2010-жылдагы Ванкуверде өткөн Кышкы Олимпиада оюндарындагы АКШ курама командасынын (37 медал) эсебинен ашып рекорд жаңыртышты. (TSh)