26-февралга карата аба ырайы тууралуу маалымат
![26-февралга карата аба ырайы тууралуу маалымат](https://gdb.rferl.org/887EDA02-BD55-4BEC-85DA-2157D8D48491_cx0_cy3_cw0_w800_h450.jpg)
Кыргызгидромет 26-февралга чейин туруксуз аба ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, жолдорунда кар көчкү жүрөрүн эскертти. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
26-февралда кээ бир тоолуу райондордо бир аз кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -3...+2, күндүз 11…16;
Таласта түнкүсүн -3…+2, күндүз 11...16;
Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…-6, күндүз 5…10;
Нарында түнкүсүн - 8…-13, күндүз -3…+2;
26-февралда Бишкекте кар жаабайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -1…+1, күндүзгү жогорку температурасы 14…16 градус болот.