Сапар Исаков: Акимдердин иши талданып жатат
![Сапар Исаков: Акимдердин иши талданып жатат](https://gdb.rferl.org/08CE27D1-270B-412C-9F4D-A83A30A0E07B_w800_h450.jpg)
Премьер-министр Сапар Исаков учурда акимдердин иши талданып жатканын, анын жыйынтыгы менен айрым район башчылары кызматтан алынарын билдирди. Бул тууралуу премьер-министр “Азаттык” үналгысынын суроолоруна жооп берип жатып айтты.
- Бүгүнкү күнгө чейинки иштеринин жыйынтыгын, натыйжасын карайбыз. Көрүп жатасыздар, айрым акимдерди алмаштырып, карап жатабыз, - деди Сапар Исаков.
Ошондой эле премьер-министр өкмөттүн облустагы өкүлдөрүн алмаштыруу боюнча азырынча ниети жоктугун, бирок ишинде кемчилик кетирген жетекчилерге чара көрүлөрүн кошумчалады.
Буга чейин айрым маалымат каражаттары өкмөттүн Нарын, Жалал-Абад облустарындагы ыйгарымдуу өкүлдөрү алмашары тууралуу жазып чыгышкан эле.(BkA)