Түркияда кыргызстандык аял 25 жылга кесилди
![Түркияда кыргызстандык аял 25 жылга кесилди](https://gdb.rferl.org/8AA62EED-ACFD-4251-8DB5-DFCAC3B00BBD_w800_h450.jpg)
Бул тууралуу жергиликтүү "Dogan" кабар агенттиги маалымдады. Маалыматка караганда, Конья шаарында жашаган 28 жаштагы кыргызстандык аял 2016-жылы түркиялык жаранды муунтуп өлтүргөн. Бул окуядан соң Конья шаардык прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголуп, шектүү аял Түркиянын Кайсери шаарында кармалган.
Суракта кылмышка шектүү аял Анталияга иштегени келип, сексуалдык кулчулукка кабылганын айткан. Ал киши колдуу болгон түрк жараны менен Анталияда таанышып, кийин бирге жашап калган. Ал эми кылмышка коңшусунун мас абалында келип сабаганы себеп болгонун билдирип, күнөөсүн мойнуна алган.
27-февраль 2018-жылы Конья шаардык соту "Атайылап киши өлтүрүү" беренеси боюнча кыргызстандык келинди 25 жылга эркинен ажыратты.
Түркиянын Ички иштер министрлигинин 2017-жылдагы маалыматына ылайык, түрмөлөрдө 4,704 чет өлкөлүк жаран бар. (EIB)