Ооганстанда талибдерге каршы операцияда германиялык киши кармалды
![Ооганстанда талибдерге каршы операцияда германиялык киши кармалды](https://gdb.rferl.org/F8F78183-0A61-4577-B5D9-2764DB443931_w800_h450.jpg)
Ооганстандын коопсуздук күчтөрү Гилменд провинциясында талибдерге каршы рейд учурунда германиялык киши кармалганын билдиришти. Чөлкөмдүн губернаторунун басма сөз катчысы Омар Звак 28-февралда ал адамдан немис паспорту табылганын маалымдады.
Алгачкы иликтөө ал киши туткун эмес экенин, жолго коюлчу бомбаларды жасоого катышканын көргөздү. Герешк райондук полиция башчысы германиялык деп сыпатталып жаткан адам "Талибандын" Гилменддеги куралдуу кошуундарынын кол башчысы Молдо Насирдин “аскердик кеңешчиси” болгонун айтты. Ооган армиясынын өкүлдөрү ошондой эле жергиликтүү улуттук кийим-кече кийген, жашы 40тардагы сакалчан кишинин сүрөтүн тартуулашты.
Ооганстанда согушкерлердин катарында Европа өлкөлөрүнүн жарандары согушкан учурлар сейрек кездешет.