Антонио Таяни Италия өкмөтүн жетектөөгө даяр
![Антонио Таяни Италия өкмөтүн жетектөөгө даяр](https://gdb.rferl.org/6CAABB2C-F998-449B-94E9-BD92ED7E44A3_w800_h450.jpg)
Европарламенттин төрагасы Антонио Таяни Италиядагы шайлоодо оңчул-борборчул коалиция жеңсе, өкмөттү жетектөөгө даяр. Бул жөнүндө ал өзү "Твиттерге" жазды. Коалицияны болсо мурдагы премьер-министр Сильвио Берлускони жетектеген “Алга, Италия” партиясы баштайт.
Экс-премьер салык мыйзамдарын бузгандыгы үчүн 2019-жылга чейин мамлекеттик кызматтарды ээлей албайт. Сурамжылоолорго караганда, анын партиясы шайлоочулардын 18 пайыз добушун алышы ыктымал. Ал эми оңчул-борборчул коалиция 40 процентке чейин добуш алууга күчү жетет. Шайлоодон кийин өкмөттү түзүү мандатын президент берет.
64 жаштагы Таяни - Берлускони менен кошо 1994-жылы "Алга, Италия" партиясын түптөгөндөрдүн бири. Ошол эле жылы Европарламентке шайланып, былтыр анын төрагасы болгон. Анын бул кызматты тапшырганы тууралуу маалымдалган жок.