Мирзиёев Дүйшөмбүгө чоң план менен келди
Өзбекстан Тажикстан менен соодасын 500 млн. долларга жеткиргиси келет. Шавкат Мирзиёев Дүйшөмбүгө келгенде акырындап бардык тараптар боюнча мамилесин оңдой турганын айтты. Каримовдун тушунда катташпай калган эки өлкө эми "стратегиялык өнөктөш бололу" деп жатат.