Рахмон-Мирзиёев: "музду" эриткен кызматташтык
![Рахмон-Мирзиёев:](https://gdb.rferl.org/3DD64D22-4DEF-48F9-BD8A-FE13C1CBC5CC_w800_h450.jpg)
Өзбекстан менен Тажикстан эки өлкөнүн жарандары үчүн виза режимин жоюу чечимин кабыл алды. Өзбек лидери Шавкат Мирзиёевдин Дүйшөмбүдөгү алгачкы мамлекеттик сапары маалында эки өлкөнү жакындаткан 27 келишимге кол коюлду. Мирзиёев мурдагы өзбек президенти Ислам Каримов каршы болуп келген Тажикстандагы талаштуу Рогун ГЭСинин курулушун колдой турганын да ишара кылды.