Театрдын "Кожожашы" дүйнөдөн өттү
![Театрдын](https://gdb.rferl.org/EB3C245D-68B7-42E2-9895-C3B5A40518B9_cx0_cy3_cw94_w800_h450.jpg)
Белгилүү кино жана театр актеру Ашыр Чокубаев узакка созулган оорудан улам 71 жашында дүйнө салды. Актер театрда Кожожаштын, кинодо “Ак илбирстин тукуму” тасмасындагы Касендин ролдорун аткаруу аркылуу өзүнүн кайталангыс талантын элге тааныткан. “Аманат”, “Китеп”, "Көчмөндөр” өңдүү казактын, кыргыздын ондогон тасмаларына тартылган.