Жалал-Абадда республикалык универсиада өтүүдө
Жалал-Абад шаарындагы Эл аралык университетте Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын студенттери катышкан республикалык универсиада өтүп жатат. Бул тууралуу шаардык мэрия “Азаттыкка” билдирди.
Спорттун беш түрү - волейбол, кичи футбол, эркин күрөш, кыз-келиндер күрөшү жана бокс боюнча Бишкек, Ош, Баткен шаарларынан келген 19 команда күч сынашууда.
Мындан жеңишке жетишкен командалар Орусияда өтүүчү дүйнөлүк универсиадага жолдомо алышат. Мелдештин ачылышы бүгүн өттү. Оюндар 17-мартка чейин уланат. (RsK)