Франциядагы кыргыздар Парижде майрамдык флешмоб өткөрүштү
Франциядагы кыргыздардан «Kyrgyzclub France» диаспорасы келе жаткан Нооруз майрамы менен куттуктоо максатында борбор шаар Париждин көчөлөрүндө кыргыздын улуттук бийин бийлеп, флешмоб өткөрдү.
Диаспоранын өкүлү Канимет Жапаров "Азаттыкка" билдиргендей, 18-марттагы акцияга кыргызстандыктар үй-бүлөлөрү менен катышты. Алар Ноорузду 25-мартта салтанат менен белгилешмекчи. Анткени, 21-март иш күнүнө туш келип, көпчүлүгү жумушта жана окууда болот.
Майрамда кыргыздын улуттук кол өнөрчүлүгүнөн жаралган буюм-тайымдардын, тамак-аштын көргөзмөсү болуп, сүмөлөк бышырылат. Ага француз эли жана башка улут өкүлдөрү да чакырылат.
Франциядагы кыргыздардан «Kyrgyzclub France» диаспорасынын жүзгө чукул мүчөсү бар.
Андан тышкары, Германиядагы, Британиядагы кыргызстандыктар да Ноорузду белгилешерин маалымдашкан. (ZKo)