НАТО Брюсселде жаңы кеңсеге көчүүдө
Түндүк Атлантикалык Альянстын жаңы кеңсеси НАТОнун өзүнүн 1500 аскер кызматчысын, 1700 эл аралык аскердик жана жарандык кызматкерди, НАТОнун түрдүү бөлүмдөрүнүн 600 кызматкерин жана күндө ар кандай иш менен келүүчү 500дөй кишини батыра алат.
НАТО өкүлдөрүнүн айтымында, көчүү иши кеминде 12 жумага созулмакчы.
Жаңы баш кеңсени куруу иштери 2010-жылы башталып, наркы алгач 750 миллион евро деп эсептелген. Бирок учурдагы чыгымы 1 миллиард 170 миллион еврго бааланууда.
Германиянын DPA агенттигинин жазганына караганда, көчүү иши имараттагы техникалык себептерден улам буга чейин бир нече ирет кийинкиге калтырылган. (UE)