«Менин ага-инилерим бийликке аралашпайт»
Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттин эки тизгин, бир чылбырын алгандан бери биринчи жолу медиа башчыларын баарлашууга чакырды. Ага 40тай журналист катышты. Жолугушууда өлкө башчысы: «Менин бир туугандарым менден эч качан кызмат сурашпайт. Алардын ар биринин өздөрүн багып кетүүгө жетиштүү жумушу бар. Менин ага-инилерим бийликке аралашпайт. Мен алты жылдан кийин элимдин көзүнө уялбай карап, мекенимде жашагым келет» […]