Кремл: АКШнын Путинди куттуктабаганы олуттуу маселе эмес
![Кремл: АКШнын Путинди куттуктабаганы олуттуу маселе эмес](https://gdb.rferl.org/04C7D789-8CCC-49B8-9D0F-68A2A99D02D1_w800_h450.jpg)
Кремл АКШнын президенти Доналд Трамптын Орусиянын президенти Владимир Путиндин шайлоодогу жеңиши менен куттуктабаганын "достукка жатпаган кадам эмес" деп эсептейт.
Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 20-мартта билдирди.
- Айрымдар ишинин көптүгүнөн, калгандары башка себептерден улам балким телефон чала албай калышты, - деди Песков дүйнө лидерлери тууралуу айтып жатып.
Ал ошондой эле Путин орус-америка алакаларын жакшыртууда дайыма ачык экенин жана бул анын кызыкчылыктарына дал келерин билдирди.
Ак үй болсо 19-мартта тараткан билдирүүсүндө 18-мартта өткөн шайлоонун жыйынтыгы күтүлгөндөй эле болгонун жана эч кандай телефон чалуу каралбаганын маалымдаган.
15-мартта Вашингтон бир катар орусиялык жарандарга, чалгын кызматтарына, интернет-компанияларга 2016-жылкы АКШдагы президенттик шайлоонун жүрүшүнө болжолдуу кийлигишүүсү үчүн каржылык санкцияларды киргизген.
Учурда Кошмо Штаттарда атайын прокурор Роберт Мюллер жана Конгресстин үч комитети Орусиянын шайлоого болжолдуу кийлигишүүсү жана Трамптын тарапташтарынын Москва менен байланышы боюнча иликтөө жүргүзүп жатат.
Мындай дооматтарды Трамп да, Орусия да четке кагып жатышат.