Ала-Тоо аянтында Нооруз майрамы өтүүдө
Ушу тапта Бишкектин Ала-Тоо аянтында Ноорузга карата уюштурулган майрамдык иш-чара өтүүдө. Ага шаар мэри Албек Ибраимов жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев катышып, куттуктоо сөзүн айтышты.
Бүгүн Нооруз республиканын бардык аймактарында түрдүү той-тамашанын коштоосунда өтүп жатат.