АКШнын Кыргызстандагы өкүлү Ноорузга карата сүмөлөк даярдады
АКШнын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Алан Мельтцер жубайы Анна экөө быйылкы Нооруз майрамына карата өз алдынча сүмөлөк даярдашты.
Алардын сүмөлөк бышыруу процесси жана майрамдык куттуктоосу тартылган кыска видео бүгүн элчиликтин Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.
“Америка Кошмо Штаттарынын элинин атынан жубайым Анна экөөбүз сиздерди Нооруз майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!” деп айтылат АКШ өкүлүнүн видеокайрылуусунда.
Бүгүн Кыргызстан Нооруз майрамын белгилөөдө. (RK)