Чехияда химиялык заводдогу жарылуудан алты киши набыт болду
Прагадан 30 чакырым жерде жайгашкан Кралупы над Влтавой шаарында химиялык заводдо болгон жарылууда кеминде алты киши каза таап, бир нече адам жараат алганын аймактык өрттөн сактоо кызматынын малымат катчысы Владимира Керекова билдирди.
Аймактык мекеменин дагы бир өкүлү Петр Свобода "Синтоз" заводунда дагы жарылуу болуу коркунучу жоктугун айтты. Ал жараат алгандардын экөө ооруканага жаткырылганын кошумчалады.
Шаар мэри Петр Холочек чехтердин телеканалына айтканына караганда, заводдо белгисиз зат толтурулган чоң челек жарылган. Ал ошондой эле шаар тургундарына эч кандай коркунуч жоктугун белгиледи.