Украинада парламент депутаты Надежда Савченко камакка алынды
Украиналык депутат, мурунку аскердик учкуч Надежда Савченко "мамлекеттик төңкөрүш даярдоого катышкан" деген шек менен камакка алынды.
Бүгүн Жогорку Рададагы добуш берүүдө көпчүлүк депутаттар Савченкону кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча Украинанын башкы прокурорунун өтүнүчүн колдошту.
Добуш берүүдөн кийин Савченко сыртка чыгып, өз тарапкерлери менен сүйлөшүп, кайра киргенден кийин кармалды.
16-мартта башкы прокурор Юрий Луценко Савченкону "парламентте теракт кылууга даярданган" деп айыптап, депутаттык кол тийбестиктен ажыратып, камакка алууга уруксат берүүнү Жогорку Рададан өтүнгөн.
"Орусияда Украинанын тышкы душмандарына, Украинада болсо ички душмандарга каршы күрөшүүдөмүн" деген Савченко “аскердик төңкөрүш күтүлгөн, жагдайга жараша туура окуя болмок” деп билдирген.
Савченко буга чейин кармалган Владимир Рубандын ишине байланыштуу суракка чакырылган. Согуш туткундарын бошотуу боюнча "Офицердик корпус" аттуу борбордун жетекчиси 9-мартта Донецк облусунда кармалган. Ага "мыйзамсыз курал-жарак сактаган" жана "Киевде теракт уюштурууга даярданган" деген кине коюлган.
2014-2016-жылдары Савченко орусиялык эки журналисттин өлтүрүлүшүнө байланыштуу Орусияда абакта отуруп чыккан. Аскер күчтөрүнүн учкучу Донбасстагы жикчилдердин колуна түшүп калып, орус соту аны 20 жылга абакка кескен. Кийин Киевде соттолгон орусиялык жоокерлерге айырбашталган.