Март ыңкылабынын 13 жылдыгы белгиленип жатат
![Март ыңкылабынын 13 жылдыгы белгиленип жатат](https://gdb.rferl.org/4FB6874C-0F42-4503-A8D2-0035D67F3BF3_w800_h450.jpg)
Тарыхта “Жоогазын ыңкылабы” деген ат менен белгилүү март окуясына быйыл 13 жыл толду.
2005-жылы 24-мартта Кыргызстанда элдин күчү менен бийлик алмашып, 15 жыл мамлекет башында турган президент Аскар Акаевдин үй-бүлөлүк башкаруу режими кулатылган.
Толкундоолор марттын башында Жалал-Абадда башталып, бүт өлкөгө жайылган. Акаев мамлекеттен качып, Орусиядан башпаанек алган. Бийликке оппозициялык кыймылдын башчысы Курманбек Бакиев келип, беш жылдан кийин 2010-жылы 7-апрелде ушул эле жол менен өлкөдөн чыгып кеткен.
Март окуясын эскерүү иш-чаралары бүгүн Жалал-Абад шаарында белгиленген. 24-март 2012-жылга чейин жылнаамада кызыл менен жазылып, эс алуу күнү катары саналып келген. Кийин Жогорку Кеңештин токтому менен алып салынган. 2016-жылы президенттин жарлыгы менен "Эскерүү күнү" деп бекитилген. (NT)