Өзбекстандык укук коргоочунун бир тууганы Кыргызстанда кармалды
![Өзбекстандык укук коргоочунун бир тууганы Кыргызстанда кармалды](https://gdb.rferl.org/D0E49B88-89EC-4C1B-A853-E5BA7D2297A8_cx3_cy13_cw65_w800_h450.jpg)
Кыргызстанда "Алга Каракалпакстан! Республиканын көз карандысыздыгы үчүн" кыймылынын лидери, активист Аманбай Сагидуллаевдин бир тууганы Жумабай Сагидуллаев кармалды.
Бул тууралуу "Кылым шамы" укук коргоо уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова билдирди. Анын айтымында, Сагидуллаевди милиция 23-мартта кармаган. Буга Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын өтүнүчү себеп болгону айтылууда. Жумабай Сагидуллаев Өзбекстанда "мыйзам бузган эмес, өзбек бийлиги аны бир тууганынын саясий ишмердүүлүгү үчүн" куугунтуктап жатат.
Алдын ала маалыматтарга караганда, Жумабай Сагидуллаев кармалгандан кийин, Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкармалыгына, беш сааттай убакыттан кийин Аламүдүн райондук милициясына жеткирилип, 48 саатка камакка алынган.
"Кылым шамы" Жумабай Сагидуллаев Өзбекстанга экстрадицияланып, ал жакка барса кыйноого алынып, өлүм жазасына да тартылышы мүмкүн экенин, анын кармалышы мыйзамсыз болгонун айтып жатат. Аталган уюм өкмөттү "Качкындар жөнүндөгү" эл аралык укук эрежелерин сактоого чакырууда. Ошондой эле Жумабай Сагидуллаев Кыргызстандын Миграция кызматынан расмий каттоодон өткөнүн жана "саясий башпаанек издеген киши" деп табылганын маалымдады.
Кыргызстандын укук коргоо органдары жана өкмөт бул айтылгандарга комментарий бере элек. (NT)