Ат-Башы жана Нарын райондорунда фельдшердик пункттар ачылды
![Ат-Башы жана Нарын райондорунда фельдшердик пункттар ачылды](https://gdb.rferl.org/74B0E426-BC41-432C-A44B-DB5C3D719C06_cx0_cy12_cw0_w800_h450.jpg)
24-мартта Нарын облусунун Ат-Башы районунун Бирлик айылы менен Нарын районунун Эмгек-Талаа айылында Түркия өкмөтүнүн эл-аралык кызматташуу агенттиги (ТИКА) тарабынан курулган эки фельдшердик-акушердик пункттар (ФАП) расмий ачылды.
Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев билдирди. Ачылыш аземине ТИКА уюмуун башчысынын орун басары Мехмет Сюррея Эр, ТИКАнын Бишкектеги координатору Али Муслу, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Маалыматка караганда, ар бир ФАПтын курулушу жана керектүү медициналык жабдыктар үчүн 2 миллион 228 миң сомдон акча жумшалды. (BCh)