Зулпукаров: Кытай Компартиясынан жардам келген эмес
Кытай Компартиясынан 1 миллион сомдук техникалык жардам Жогорку Кеңешке, КСДП фракциясына келген эмес. Бул тууралуу аталган фракциянын депутаты Төрөбай Зулпукаров "Азаттык" радиосундагы түз эфир учурунда билдирди:
- Жогорку Кеңешке, фракцияга келбегени анык. Ал акчанын кайсы жакка келгени тууралуу менде так маалымат жок, - деди Зулпукаров.
Кытай Компартиясы КСДПга 1 миллион сом жардам бергенин аталган партиянын мүчөсү, парламент депутаты Рыскелди Момбеков 22-мартта "Азаттыктын" "Арай көз чарай" программасына катышкан учурда маалымдаган.
23-мартта КСДП партиясынын төрагасынын орун басары Фарид Ниязов "Азаттык" радиосуна комментарий берип жатып, алгач Кытайдын Компартиясы КСДПга техникалык жардам бергенин, бирок ал партиянын балансына өткөрүлө электигин билдирген. Кийинчерээк Кытайдын Компартиясынын техникалык жардамы КСДПга эмес, Жогорку Кеңешке берилгенин кабарлаган.
Парламенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу болсо "Жогорку Кеңеш Кытайдын Компартиясынан эч кандай жардам албаганын" айткан.
Кыргызстандын "Саясий партиялар жөнүндөгү" мыйзамы саясий партиялардын чет мамлекеттердеги партиялар тарабынан каржыланышына тыюу салат. (NT)