Алайкуу өрөөнүндөгү үч айыл өкмөт жарыксыз калды
Калың кардан улам электр зымдары үзүлүп, Оштун Кара-Кулжа районундагы Алайкуу, Кызыл-Жар, Ой-Тал айыл өкмөттөрү жарыксыз калды.
Бул тууралуу райондун акими Примберди Дыйканов билдирди. "Ош электр" ишканасынын адистери кырдаалды жайгаруу үчүн өрөөнгө жөнөп кетишти. Жарыксыз калган аймакта канча түтүн бар экенин билүүгө азырынча мүмкүн боло элек.
Алайкуу аймагына калың кар жаап, элди түйшүккө салганын, жол жабылып, жарык өчкөнүн жергиликтүү тургун Бакыт Бердалиев "Азаттыкка" кабарлаган. Анын айтымында, 28-мартта жаай баштаган кардын калыңдыгы 35 сантиметрге жеткен.
Алайкуулук тургун Минура Жумабаева жарык өчүп, жолдор жабылып калганын билдирди.
Аким Дыйканов жол ачык экенин маалымдады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Авазбек Айтиев аймакка калың кар жаап, эл түйшөлүп жатканы тууралуу билдирүү түшө электигин белгиледи.
Алайкуу өрөөнү - кар калың жааган аймактардын бири. (SE)