БУУ: Коопсуздук кеңеши хуситтерди айыптады
БУУнун Коопсуздук кеңеши Йеменден Сауд Арабиясына кайрадан ракета атылганын айыптады. Ошону менен катар анын билдирүүсүндө Йемендеги хусит согушкерлери курал-жаракты БУУнун эмбаргосун бузуу жолу менен алып жатканы “олуттуу тынчыздандырып” жатканы да сөз болду. Сауд Арабиясы жана АКШ Йемендеги согушкерлерди курал менен камсыздаганы үчүн Иранды айыптап жүрүшөт. Тегеран андай дооматтарды такай четке кагат.