Активист Ормуковдун акциясы
![Активист Ормуковдун акциясы](https://gdb.rferl.org/2076B2C2-09AF-484B-9030-2D346740AB7E_w800_h450.jpg)
Ичин устара менен тилип жиберген көзү азиз активист Темирлан Ормуков Бишкек шаарындагы ооруканалардын бириндеги кардиология бөлүмүнө жаткырылды. Ал Бишкек шаардык милициясынын имаратына барганда ичин устара менен тилип жиберип, муну саясий куугунтукка каршы аракет деп билдирди. 2016-жылы Башкы прокуратура көзү азиз активистке аймак аралык козутууга барды деген кине коюп, быйыл Кылмыш-жаза кодексинин ушактоо беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Октябрь райондук соту тергөө иштерине катышпай жатат деген негиз менен активистти бир айга камакка алуу чечимин чыгарган болчу.