Орусия дипломаттарын чыгарган өлкөлөрдүн элчилерин ТИМге чакырды
![Орусия дипломаттарын чыгарган өлкөлөрдүн элчилерин ТИМге чакырды](https://gdb.rferl.org/E3C24A68-61CE-483B-99AF-133E1E99B215_cx0_cy11_cw0_w800_h450.jpg)
Отуз мамлекеттин элчиси бүгүн Москванын жообу тууралуу маалымат алышы үчүн чакырылганын Орусиянын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
Мунун алдында кечээ тышкы иштер министри Сергей Лавров Москва да АКШ, Британия жана башка мамлекеттердикине барабар сандагы чет элдик дипломаттарды өлкөдөн чыгарарын билдирген.
Буга кошумча Москва бүгүн Лондон бир ай ичинде өз дипломаттарынын санын Орусиянын Британиядагы миссиясына тең кылып, кыскартуусу керектигин да жарыялады. Бул сан азырынча белгисиз.
Орусия чечимине ылайык, маселен АКШнын алтымыш дипломаты 5-апрелге чейин кетиши керек. Ошондой эле Санкт-Петербург шаарындагы америкалык консулдук жабылат.
АКШнын Мамлекеттик департаментинин расмий өкүлү Хизер Нойерт Москванын кадамы алар үчүн күтүүсүз эместигин белгилөө менен буларды айтты:
- Бизге берилген тизмеден анык болуп тургандай Орусия Федерациясы эки өлкө үчүн маанилүү маселелер боюнча диалогго кызыкдар эместиги билинип турат. Мен баса белгилеп кетейин, Орусиянын жообун эч актоого болбойт. Ал биздин толугу менен жөндүү аракеттерибиз үчүн негизсиз кадамга баргандай.
Буга чейин Британияда орусиялык мурдагы чалгынчы Сергей Скрипал менен анын кызынын ууланганына жооп чара катары Британия, АКШ баштаган мамлекеттер чыгарган орус дипломаттарынын саны 150дөн ашкан.
Скрипалдын ууланганы үчүн Лондон Москваны күнөөлөгөн. Британиянын турумун АКШ, Евробиримдик өлкөлөрү колдогон. (UE)