Президент Жээнбеков футболчуларды куттуктады
Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 31-мартта Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын оюнчулары жана машыктыруучулары менен жолукту. Президент команданы 2019-жылы Бириккен Араб Эмираттарында өтүүчү Азия кубогуна жолдомо жеңип алышы менен куттуктап, спортчуларга бул ийгилиги үчүн ыраазычылык билдирди.
Президент футболчулар дагы, аларды маанилүү оюндарга даярдаган машыктыруучулар, спорт дарыгерлери дагы ыраазычылыкка татыктуу экенин белгиледи.
Жээнбеков футбол боюнча Кыргызстандын курама командасына 1 миллион сомго сертификат тапшырды жана мамлекет спортчуларды ар дайым колдойт деп ишендирди.
Футболчулар өз кезегинде ага символикалуу түрдө футбол тобун жана Футбол федерациясынын символдору тартылган сүрөттү тартуулашты.(UEz)