Президент Жээнбеков дүйшөмбүдө Түркияга барат
Президент Сооронбай Жээнбеков 9-апрелде Түркияга расмий сапар менен барат. Андан ары Европа Биримдигинин институттарына жумушчу сапар жасайт.
Президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекет башчынын Түркияга сапары эки күнгө пландалган. Ал жакта президент Режеп Тайып Эрдоган жана өкмөт башчы Биналы Йылдырым менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.
Анкара өзүнө душман санаган Фетхуллах Гүлендин кыргыз-түрк лицейлерине тиешеси бар экени айтылып, Кыргызстандын мурдагы бийлиги менен Түркиянын ымаласы соңку жылдары муздай түшкөн эле. Ушундан улам серепчилер Жээнбековдун бул сапары маанилүү болгонун белгилеп жатышат.
Кыргыз президенти Түркиядан кийин Брюсселге барып, 11-12-апрелде Европа Биримдигинин аткаминерлери менен жолугушат. (SE)