ФИДЕ Илюмжиновдон кызматтан токтоосуз кетүүнү талап кылды
Эл аралык шахмат федерациясы (ФИДЕ) уюмдун президенти Кирсан Илюмжиновдун тезинен кызматтан кетишин талап кылды. Кайрылуу федерациянын сайтына жарыяланды. ФИДЕ мындай чечимин АКШ Илюмжиновго каршы киргизген санкциялардын айынан уюм финансылык кыйынчылыктарга туш болуп жатканы менен түшүндүрөт. Ошондой бул санкциялар “эл аралык федерациянын аброюна терс таасирин тийгизип, аны менен шайхмат сүйүүчүлөрдүн ишенимин жоготуп” жатканы менен байланыштырылат.
Илюмжиновдун ФИДЕнин башчылыгынан кетиши тууралуу маселе 7-8-апрелде Минскте өткөн уюмдун башкаруучуларынын жыйынында каралды. Анын кызматтан кетишин кеңештин 14 мүчөсү колдоду.
Илюмжиновго киригзилген санкциялардын айынан Эл аралык шахмат федерациясынын Швейцариядагы банк эсеби апрелде жабылары буга чейин кабарланган.
Былтыр Илимжинов анын кызматтан кетиши тууралуу маселе чыкканда аны “чагым” деп баалаган. Ал эгер кимдир-бирөө анын кызматта турушу уюмдун ишине “бөгөт” коюп жатканын далидегенде гана кетээрин билдирген.
Кирсан Илюмжинов ФИДЕни 1995-жылдан бери жетектейт. 2015-жылы АКШ ага каршы санкияларды киргизген соң анын ыйгарым укуктары чектелген.
Илюмжинов Кошмо Штаттардын Финансы министрлигин сотко берип, санкциялардын тарткан моралдык жана материалдык чыгымын 50 миллиард долларга баалаган.