Шыкмаматов өкмөттү оппозиция менен кызматташууга чакырды
Жогорку Кеңештеги оппозициялык "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов жаңы куралып жаткан өкмөткө кайрылып, демократиялык талаптарды сактоого чакырды.
Шыкмаматов акыркы жылдары сөз эркиндиги артка кеткенин мисал келтирип, сын айткан саясатчыларга, журналисттерге басым көбөйгөнүн билдирди:
- Журналисттер ачуу чындыкты айтып, коомдун санитарынын ролун журналисттер аткарат, оппозиция аткарат. Биздин сыныбызды жардам катары, тилектештик катары кабыл алсаңар өнүгөбүз. Ошондо адилеттүү коом курабыз. Силер баштагыла, биз саясий жана мыйзамдуу колдоону көрсөтөбүз.
Жогорку Кеңеш бүгүн өкмөттүн программасын, тутумун жана курамын талкуулап, аны жактырды.
Жаңы курамдын программасы "Биримдик. Ишеним. Жаратмандык" деп аталат. Аны премьер-министрликке көрсөтүлгөн Мухаммедкалый Абылгазиев депутаттарга окуп берди.
Жаңы команда 22 кишиден турат, анын төртөө аялдар. Талапкерлердин жарымы мурдагы өкмөттүн тушунда министр болуп иштешкен.
Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун өкмөтүнө парламент ишенбестик көрсөтүп, ал 19-апрелде кызматтан кеткен. (SE)