Ала-Арчада альпинист аскадан учуп кетти
![Ала-Арчада альпинист аскадан учуп кетти](https://gdb.rferl.org/2A14E0E8-F09B-4E88-B9F5-1F7830EDCBFE_w800_h450.png)
Чүйдөгү Ала-Арча капчыгайында альпинист аскадан учуп кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, кырсык тууралуу куткаруу кызматына 20-апрелде түнкү саат 11де кабар түшкөн.
Алдын ала маалыматтарга караганда, кырсыктаган альпинист Швециянын жараны, 32 жашта. Анын абалы тууралуу эч кандай маалымат жок, издөө жүрүп жатат.
Альпинист Жогорку Ала-Арча мөңгүсүнө жакын жайгашкан мурдагы тоо лыжа базасындагы алачыкта экени кабарланды. (SE)