Зариф: АКШ келишимден чыкса, ядролук программабызды кайра жандантабыз
![Зариф: АКШ келишимден чыкса, ядролук программабызды кайра жандантабыз](https://gdb.rferl.org/87DCA6F9-C6BF-40F5-A077-576D41F2464F_w800_h450.jpg)
Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф АКШ 2015-жылы жетишилген эл аралык келишимден чыгып кетсе, Тегеран атомдук программасын “мурдагыдан ыкчам өнүктүрөт” деп эскертти.
Бул тууралуу министр 22-апрелде америкалык CBS телеканалындагы маекте айтты. Ушул тапта БУУнун жыйынына катышуу үчүн Нью-Йоркто жүргөн Зариф дагы бир комментарийинде Иран ядролук бомба жасоого умтулбасын белгилеген. Бирок Вашингтон ал келишимден чыгаарын расмий жарыяласа, Тегеран байытылган уран чыгарууга кайра киришет деп кошумчалады. Бул зат - атомдук бомбаны жасоодогу негизги кошулма. Ислам жумурияты анын атомдук программасы тынчтык максатты гана көздөөрүн айтып келатат.