Энергетикалык тармактагы жабдуулардын 80% эскирди
![Энергетикалык тармактагы жабдуулардын 80% эскирди](https://gdb.rferl.org/332810D9-DCFB-4FCF-A547-80E3680EE472_w800_h450.jpg)
Бул тууралуу 28-апрелде Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Уланбек Рыскулов премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушуусунда билдирди.
Өкмөттүн маалымат кызматынын кабарлашынча, Рыскулов жалпысынан учурда энергетикалык тармактагы жабдуунун эскириши дээрлик 70-80% түзөөрүн айтып, энергетикалык объектилерди модернизациялоо зарылдыгын белгилеген.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөнүн энергетикалык тармагынын натыйжалуулугун жогорулатууну тапшырды. (TSh)