Газа тилкесинде палестиналык өспүрүм мерт болду
Палестина менен Израил чегиндеги Газа тилкесинде израилдик аскерлердин огунан палестиналык 15 жаштагы Аззам Оуейда каза болду. Ал 27-апрель күнү аймакта болуп жаткан демонстрациялар учурунда окко учкан.
Газадагы бул тирештен 200дөй киши жарадар болгон. Алардын арасында палестиналык журналист да бар экенин өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Израил расмийлери 27-апрелдеги демонстрацияга 10 миңдей киши катышканын маалымдады.
30-мартта башталган каршылык акцияларынан бери израилдик аскерлер 41 палестиналыкты атып өлтүрүп, 5 миңдейин жарадар кылганы айтылууда. (BCh)