Кытайда окуучуларга кол салуудан жети бала каза тапты
![Кытайда окуучуларга кол салуудан жети бала каза тапты](https://gdb.rferl.org/C2091698-903B-4474-A9FB-06660B00DC5D_w800_h450.jpg)
Жергиликтүү бийлик Кытайдын Шэньси провинциясындагы белгисиз адамдын кол салуусунан жети окуучу каза болуп, дагы он эки бала жараат алганын кабарлады. Өлгөндөрдүн бешөө кыз, экөө эркек бала. Ал эми жарадар болгондор ооруканада дарыланып жатат.
Кылмышка шектелип 18 жаштагы жергиликтүү тургун кармалды. Ал полицияга мектепте окуп жүргөндө классташтары шылдыңдашканы үчүн өч алууну максат кылганын айтып берген. Бул тууралуу China Daily басылмасы Шэньси провинциясынын укук коргоо органдарынын маалыматына таянып жазып чыкты.
Кылмышка шектүү окуучуларга кандай курал менен кол салганы такталып жатат. (TSh)