Пашинян премьерликке шайлана аларына ишенет
Армениядагы нааразылык кыймылдын лидери, оппозициячыл депутат Никол Пашинян премьер-министрдин шайланышы боюнча оптимисттик көз карашын бүгүн бийликтеги Республикалык партиянын жетекчилиги менен жолуккандан кийин билдирди.
Республикалык партиянын парламенттеги фракция башчысы Ваграм Багдасарян Пашинян менен кездешкенде аларда 1-майда премьер-министрликке «элдин талапкеринин» шайлануусуна «тоскоолдук кылбоо тенденциясы» бардыгын айткан.
Буга чейин Республикалык партиянын фракциясы премьер-министрликке талапкер чыгаруу планы жоктугун жарыяласа, Пашинян парламенттеги оппозициялык фракциялардын баарынын колдоосуна ээ болгон.
Армениянын Улуттук ассамблеясы премьер-министрди шайлай турган сессияга 1-майда чогулганы жатат.
Мурдагы президент жана премьер-министр Серж Саргсянды апта башында бийликтен кетүүгө мажбурлаган нааразылык кыймылдын жана «Елк» фракциясынын лидери Никол Пашинян 105 орундуу армян парламентинде премьерликке шайлануу үчүн кеминде 53 добуш алуусу керек.
Бул үчүн оппозициялык фракциялардын баарынын жана бийликтеги Республикалык партиянын кеминде алты добушуна муктаж. Республикалык партия 58 мандаты менен парламентте көпчүлүктү түзөт.
Бул арада Никол Пашиняндын жактоочулары Еревандын Республика аянтында өкмөткө каршы нааразылыгын бүгүн да улантып жатат.
Пашинян жактоочуларына «жарандык баш ийбөөчүлүк» акциясын «тынч жана кыянатчылыксыз» улантууга көрсөтмө берди. (UE)