Баткендин жана Оштун айылдарында жумуртка кагыштыруу оюну өттү
![Баткендин жана Оштун айылдарында жумуртка кагыштыруу оюну өттү](https://gdb.rferl.org/7C58CCA1-FA83-49D6-B012-C40C8A031AD3_w800_h450.jpg)
Баткен облусунун Баткен жана Кадамжай райондорунда, Ош облусунун Араван жана Ноокат райондорунда бир катар айылдарда 1-май эмгекчилердин майрамына карата жумуртка кагыштыруу оюну өттү. Бул тууралуу аталган райондордун жергиликтүү бийликтери кабарлашты.
Айыл округдарда катышкан бул таймашка жер-жерлерде жүздөгөн кишилер, балдар жана аялдар катышты. Алар үйлөрүнөн бышырып, ар кандай түстөргө боёп келген жумурткаларын башкалардын жумурткалары менен уруштурат. Кимдин жумурткасы эки тарабынан тең сынып калса, ал утулган болот да, жеңүүчүгө оокатын берет.
Жумуртка кагыштыруу оюну аталган аймактарда илгертен бери майрамдарда өткөрүлүп, белгиленип келет. (ErN)