Бостонов: "Кыргызмунайгазды" айрым күчтөр талашып жатат
![Бостонов:](https://gdb.rferl.org/43EC3D9A-A26C-42D5-B083-6C79A4FFFD40_w800_h450.jpg)
Кочкор-Ата шаарында жайгашкан "Кыргызмунайгаз" ишканасынын жетекчилиги “айрым адамдар жалган маалымат таратып, мекеменин ишмердүүлүгүнө кедергисин тийгизип жатат” деп эсептейт. Бул тууралуу аталган ишкананын башкармалыгынын жетекчиси Рашид Бостонов бүгүн маалымат жыйын куруп билдирди.
- Өткөн айда акционерлердин жыйынында кээ бир уюшкан адамдар ызы-чуу чыгарып, элге жалган маалымат таратышты. Алардын артында ишканага жетекчиликке келүүнү көздөгөн топтор турушу мүмкүн. Кызматкерлердин атынан облустук ички иштер башкармалыгына кайрылуу бердик, - деди Бостонов.
2500 адам иштеген "Кыргызмунайгаздын" 85% акциясы Мамлекетттик мүлк фондуна, калганы элге тиешелүү.
Бостоновдун айтымында, ишкана быйыл жыл башынан бери 27 миң тонна мунай жана 7 млн куб газ өндүрдү. Былтыр 652 млн сом киреше таап, мамлекетке 792 млн сом салык төлөгөн.
30дай акционер 13-мартта Кочкор-Ата шаарынын мэриясына чогулган. Алардын бири, шаардык кеңештин депутаты Абдимурат Нышанкулов колунда акциясы барларга "май айына чейин акцияңарды 48 сом 19 тыйындан саткыла" деген билдирүүлөр келип, эл арасында "акция жок болуп кетиши мүмкүн" деген маалымат тарап жатканын айткан. (RsK)